03.02.2020 14:12

Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсү Кыргызстандан табылды

Бишкекте эл аралык издөөдөгү 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралу УКМНнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган А.Н. - Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны. Ал  Сириядагы эл аралык террористтик уюмдарга катыштыгы үчүн издөөгө алынган. 

Учурда сотко чейинки өндүрүштүк материалдын алкагында кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.